ЭЛДИК КАБАР: "Бир жылдан бери көпүрө салынбай эл азап тартты" дейт Кара-Кулжанын тургуну

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Карагуз айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылды.

Жергиликтүү тургун аталган айылды район менен байланыштырган көпүрөнү былтыр суу агызып кетип, бүгүнкү күнгө чейин жаңысы курулбай жатканын айтты.

"Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн негизги эл каттай турган көпүрөсүн 2021-жылдын май айында суу агызып кеткен болчу. Азыркы күнгө чейин бүтпөй, эл азап тартып келет. Көпүрө аркылуу Кара-Кулжа районуна каттачубуз. Калк камын ойлогондор кайда?", - дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан