Өзбекстанда сары дарбыз өстүрүлө баштады

Өзбекстандын Ташкент облусунун Ахангаран районунда Түштүк Кореядан сатып алынган "Риамо" сортундагы сары дарбыз өстүрүлө баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Айыл чарба министрлигине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, сары дарбыз өстүрүүгө киришкен чарба 2015-жылы түзүлгөн, 86 гектар аймакты ээлеген чарбалыктын 3,5 гектарына сары дарбыз өстүрүлүүдө.

Дарбыздын бул түрү дүйнөлүк рынокто пайда болгонуна аз гана убакыт болду. Сары дарбыз жапайы жана маданий дарбызды кесип өтүүнүн натыйжасында чет өлкөлүк селекционерлер тарабынан алынган гибрид. Биринчи түшүм Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги өлкөлөрдөн алынган жана бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өстүрүлөт. Сыртынан караганда сары дарбыз сүйрү же тегерек формага ээ. Кабыгы жашыл, жылмакай же тилкелүү. Мөмөнүн ички бөлүгү сары, орточо салмагы 1,5 килограммдан 4-5 килограммга чейин жетет. Сары дарбызда уруктар аз же такыр жок болушу мүмкүн. Даамы манго, лимон жана ананасты эске салат. Дарбыздын сары сорту кызылга караганда бир аз эрте бышат. Дүйнө жүзү боюнча сары дарбыздын баасы кызылга караганда бир аз кымбат.

Өзбекстандын борбордук аймактарында сары барбыздын үрөнү март айында отургузулуп, биринчи түшүм майдын орто ченинде алынат.

Сары дарбызда А, В1, В2, В5, В6, В9, Е, С, РР витаминдери бар. Ошондой эле кальций, калий, магний, темир, натрий, фосфорго бай. Иммундук системага оң таасирин тийгизет, ар кандай инфекциялар, вирустар менен күрөшүүгө жардам берет. Сары дарбыз диета кармаган, аллергиясы бар адамдар үчүн пайдалуу. Анткени анын курамында кант жана калория аз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан