29-ноябрда Ош технологиялык университетинде окуу жайдын 50 жылдыгына карата экономика жана башкаруу факультетинин 20 жылдык мааракеси болуп өттү. Аталган иш-чараны окуу жайдын экономика жана башкаруу факультетинин эмгек жамааты уюштуруп, ага окуу жайдын жалпы жамааты, студенттери жана аталган факультеттин бүтүрүүчүлөрү катышышты. Кечеге Ош облустук мамлекеттик администрациясынан, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, шаардагы жогорку жана атайын орто окуу жайлардын жетекчилери жана аталган факультетти аяктаган өлкөдөгү ири ишканаларда эмгектенген бүтүрүүчүлөр чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайда үзүрлүү эмгектенишкен окутуучулар Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын жана окуу жайдын Ардак баракчалары менен сыйланышты. Кеченин 2-бөлүгүн келген конокторго арналган концерттик программа улантты.