Бишкекте бүгүн, 2-декабрда шайлоо системин өркүндөтүү маселелери талкууланган коомдук пикир алышуу өтүп жатат. Анда сөз сүйлөгөн ЖКнын депутаты Курманбек Дыйканбаев партиялардын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылды. “Кыргызстанда кагаз жүзүндөгү 92 партиянын 13 пайызы гана активдүү. Бул чындык, анткени жарандардын 13 пайызынын гана партиялык билети бар, калгандары программадан оолак”,- деди ал. Депутат шайлоо учурундагы добуштардын сатылып жатышы боюнча “таза шайлоо туруктуулук жана президентке ишеним. Ал эми адилетсиз шайлоо уруш-талашка жана бийлик үчүн күрөшкө алып келет. Аймактарда жарандар келечегин эт, акча, тузга алмашып жатканын моюнга алышууда. Жарандар аткарыла турган гана мыйзамдардын жазылышын каалап жатат. Англияда добуш берүү үчүн акча алуу деген түшүнүк жок. Биз таза шайлоо өткөрүү үчүн ар бир клеткабыз менен шайлоонун маанилүүлүгүн сезишибиз керек. Таза шайлоо болсо гана, Кыргызстанды өзгөртө турган адамдар бийликке келет”,- деди.