Украинада президенттин отставкасын талап кылган оппозиция Киев мэриясын ээлеп алды

Киевдеги баш аламандыктардан улам жалпысынан 165 адам жабыр тартканы дайын болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдайт. 
Украинадагы баш аламандыктардын башаты 24-ноябрда башталган. Анда Киевдин борборуна Украинанын Евробиримдикке кирүүсүн колдогон жарандар чыгып, президент менен өкмөттүн ишине нааразы экендигин билдиришкен. Алардын нааразычылык акциясына чыгуусуна президент Виктор Януковичтин Евробиримдикке кирүү үчүн даярдалып жаткан документти күтүүсүз токтотуп коюусу себеп болгон. Ал ортодо Украинаны Евробиримдикке мүчө кылбоо максатында Орусия тарап Януковичке 20 миллиард доллар берген деген кабар тарап, акцияга чыккандарды кыжырданткан. Алар Евробиримдикке кирүү демилгесин колдоп, президент менен өкмөт бул тарапта чечкиндүү кадамдарды жасоосун талап кылышкан. 
Евробиримдиктин “Чыгыш өнөктөштүгү” долбооруна мүчө болгон мамлекеттердин 28-ноябрда жыйынтыкталган саммитинде Виктор Янукович бул документти даярдоо процессин токтотконун дагы бир ирет ачыктаган. Ал эми Украина милиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ жана дубинка колдонуп митингге чыккандарды кубалоого өткөн. Натыйжада бир нече адамдар жабыркап, Янукович митингге чыккандарга карата күч колдонууну сынга алып, президенттин администрация башчысы Сергей Левочкин отставкага кеткен. 
Митингге чыккандар укук коргоо органдарынын жасаган чабуулуна нааразылыгын билдирип, “Украина Белоруссия эмес. Бул жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарын каалагандай токмоктоого жол берилбейт” деген кыйкырыктар менен Киев шаардык администрациясын, Профсоюздар үйүн басып алышкан. Андан соң президенттин администрациясынын имаратын басып алууга багыт алып, “Беркут” күч органдарынын тоскоолдугуна дуушар болушкан. 
Натыйжада 1-декабрь күнү 50гө жакын митингчи жана 15 спецназ ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткан. Буга карабастан митингге чыккандар үйүнө тарай элек. Алар өкмөт менен президенттин отставкага кетүүсүн талап кылышууда.
Украина президентинин администрациясын басып алуу аракети (комментарийсиз тасма)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан