Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КРнын Эсептөө палатасынын “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын финансылык-чарбалык иш-аракеттери жөнүндө маалыматын Башкы прокуратуранын текшерүүсүнө жөнөтүп, аны өкмөттүн кароосуна сунуштады. Муну ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашкан кореялык “Азия борбору” компаниясы Кыргызстанды инвестициялык шартты бузду деп сотко берген. “Сотто утулуп калса, Кыргызстан бюджеттен 22 миллион доллар төлөп берүүгө туура келет. Анын канчалык тууралыгы укук коргоо органдары тарабынан аныкталууга тийиш”,- деп билдирет ЖКнын басма сөз борбору.