Алмазбек Атамбаев:"Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегендер миллионер болушу мүмкүнбү? Андай болушу мүмкүн эмес"

Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегендер миллионер болушу мүмкүнбү? Андай болушу мүмкүн эмес. Муну бүгүн, 3-декабрда айыл чарба техникаларын чарбаларга берүү учурунда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, учурда коррупция менен күрөшүү биринчи максат.

“Кары-картаңдарды, майыптарды тоногондорго таң каласың. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегендер миллионер болушу мүмкүнбү? Андай болушу мүмкүн эмес. Коррупция менен бардык тармакта күрөшүү керек. Ууруларды колдоп жатсак, Кыргызстан оңолобу? Ишенип койгула, коррупциянын сазайын берем”,- деди Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан