Кечээ, 2-декабрда Армениянын
борбору Ереванда Бажы биримдигине кирүүгө жана ОФ президенти Владимир Путиндин
Ереванга жасаган иш-сапарына каршы нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу чет
элдик маалымат каражаттары билдирет.
Маалыматка
караганда, акцияга 100гө жакын адам катышкан. Алар президенттин администрациясына
барууга аракет жасашып, бирок андан майнап чыккан жок. Себеби, полиция
кызматкерлери аларды өткөрбөй койгон. Андан соң акция катышуучулары өкмөт
үйүнүн имаратына барып, “Путин, үйүңө кет!”, “Армения - эркин жана көз
карандысыз мамлекет”, “Биз өз өлкөбүздүн ээсибиз” аталыштагы жазуусу бар
кагаздарды жарыялашкан.
Акция учурунда
митингчилер өлкө башчысынын резиденциясына кирүүгө аракет кылып, полиция кызматкерлери
менен тиреше кеткен. Жыйынтыгында, 100гө жакын адам убактылуу кармоочу жайга
камалган. Бул акциянын
уюштуруучулары Бажы биримдигине кирүүгө каршы пикирдеги оппозиция өкүлдөрү экендиги айтылууда.
Кошумчалай кетсек, Армениянын
Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу президент Серж Саргсян сентябрь айында
билдирген. Буга чейин Арменияда Евробиримдикке же Бажы биримдигине кирүү
тандоосу турган. Армения Бажы биримдигин тандаганы президент Серж Саргсяндын
Вильнюста өткөн Евробиримдиктин “Чыгыш өнөктөштүгү” долбоорунун саммитинде жасаган
билдирүүсүнөн улам дайын болгон.