Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча куралдуу күчтөрдүн жетекчилери менен чогулуш өткөрдү. Бул тууралуу 3-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Чогулушка вице-премьер-министр Токон Мамытов, ички иштер министри Абдулда Суранчиев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бусурманкул Табалдиев катышып, алар Ош шаары, Ош облусу жана өлкөдөгү коомдук абалдын туруктуулугун сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. Премьер-министр кырдаалды курчуткан адамдар жана баш аламандыктарды уюштургандар жоопко тартылыш керектигин кошумчалады.
Мындан сырткары өкмөт башчы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Келдибековдун тарапташтары өткөргөн митингде мэрдин айткан сөздөрүн сындап, чектен чыкпай, өз милдетин мыйзам чегинде аткарууга чакырды.
Ж.Сатыбалдиев Ош облусундагы административдик мекемени Келдибековдун тарапташтары аркылуу басып алууга аракеттер коомчулук үчүн терс көрүнүш экенин белгиледи. Митингдерден улам коомдук транспорт токтоп, калкты камсыздоочу түрдүү объекттер иштебей, шаардын жашоочуларына ыңгайсыздык жаратарын айтты.
Эске салсак, кечээ, 2-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында Келдибековдун тарапташтарынын митингинде Мелис Мырзакматов "Элге чыккынчылык кайсы?! Мен мобу жерде карап отурдум. 3 боз үйдү талкалап, милицияканага алып барып тыгышты. Мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп тургандар, ошол журтка чыккынчылык..." деген сөздөрдү айткан эле.