Ош шаарындагы коомдук
тартипти бузуу фактыларына ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер
министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын ички иштер
башкармалыгы “бейбаштык”, “Конституциялык түзүмдү өзгөртүү боюнча коомдук
чакыруулар” жана “бийлик өкүлүнө карата зомбулук” беренелерине карата кылмыш
ишин козгогон.
Эске салсак, кечээ, 2-декабрда Оштун борбордук аянтына А.Келдибековду колдоп чыккан митингчилер Өкмөттүн
Оштогу өкүлчүлүгүнүн имаратын басып алууга аракеттенишкен. Эл имаратты карай
таштарды, бөтөлкөлөрдү ыргытып, Сооронбай Жээнбековдун эл алдына чыгуусун талап
кылышкан. ОМОНдор имаратты курчап турушкан. Митинг учурунда милициянын 9 кызматкери жаракат алганын Ош ОИИББинин кызматкерлери билдирген.