3-декабрда Бишкектин Биринчи Май районундагы мектептерге жана бала бакчаларга видео-байкагыч орнотулду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган райондогу 9 мектепке жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине орнотулган. Бул "Коопсуз мектеп" жана "Коопсуз бала бакча" долбоорлорунун жактыруусу, колдоосу менен ишке ашкан.
"2014-жылдан тарта Биринчи Май райондук администрациясы райондогу калган 12 мектепке жана 13 мектепке чейинки билим берүү мекемелерине мындай видео-байкагычтарды орното баштайт. Бул нерсе мугалимдер менен балдардын ортосундагы мамилени көзөмөлдөп турууга жана сырттан чоочун адамдардын кирбешинин алдын алат",- деп билдирет аталган басма сөз кызматы.