Ала качуу – кылмыш экенин коомдун бир бөлүгү дагы деле моюндагысы келбей жаткан сыяктуу. Июнь айында ала качуунун курмандыгы болгон Алтынайдын (аты-жөнү өзгөртүлдү) кейиштүү окуясы коомчулукка жарыяланып, көпчүлүк жапа тырмак Алтынайга моралдык да, каржылык да жардам көрсөтүп жаткан убак. Кызыгы, ала качкан жигитке турмушка чыгуудан баш тартып, үйүнө келген кыздан ата-энеси да баш тартып койгон. Окуянын чоо-жайын Алтынайдын расмий өкүлү Мунара Расулова айтып берди.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №1025 санынан окуй аласыз.