Үстүбүздөгү жылдын 26-28-ноябрь күндөрү Бишкек, Каракол, Нарын, Балыкчы, Токмок шаарларынын мэрияларынын жана кеңештеринин кызматкерлери аттестациядан өтүштү. Бул туурасында кечээ, 3-декабрда Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.
Бардыгы болуп 40 муниципалдык кызматкер аттестациядан өткөн. Алардын 38и өз ишин билет деп бааланса, 2 адам ээлеген кызматына тактыксыз деп табылган.
Ал эми 5-7-декабрь күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кара-Көл, Майлуу-Суу мэрияларынын жана кеңешинин муниципалдык кызматкерлери аттестациядан өтүшөт.