Кыргызстан коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээледи. Бул туурасында "Transparency International" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргызстан 2013-жылы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 24 балл алган. Бул көрсөткүч өткөн жылы да ушундай болгон. Бул Кыргызстандагы коррупциянын абалы өзгөргөн эмес дегендикке жатат.