Кечээ, 3-декабрда Ош технологиялык университетинин жатаканасындагы студенттер үчүн 50 литрлик 70 даана "Аристон" тапшырылды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.
Окуу жайдын экономика жана инвестициялар боюнча проректору У.Аттокуровдун айтымында, жумшалган акча каражатынын жарымы окуу жайдын ректораты тарабынан, жарым бөлүгү корей тилинин окутуучусу Им Ен Шиктин жеке эсебинен каржыланган.