Үстүбүздөгү жылдын 9 айында КРнын Адилет министрлиги тарабынан, 25 лицензия нотариуска, 197 лицензия адвокаттарга берилген. Бул туурасында маалымат министрликтин отчётунда көрсөтүлгөн.
Ошондой эле 6 миң 27 жаранга мамлекет тарабынан юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары 2 миңден ашык адамга бекер юридикалык кеңеш берилген. Алардын 883ү тергөө учурунда, 557си кармалган учурда, 844ү сотто.