Депутат Дастан Бекешев 3-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана жалпы депутаттардын атынан “Үмүт шамы” кайрымдуулук фондунун жана аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнө 50 миң сом тапшырды. Каражат Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүндү.
Иш-чара учурунда Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигине карабай чоң максаттарга умтулуп, коом турмушуна активдүү катышуусу зарыл экенин билдирди.
ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, бул иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен 1992-жылдан бери белгиленип келе жаткан Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.