“Эмне үчүн Нариман
Түлеев менен Ахматбек Келдибековго карата коррупция (303-берене) боюнча кылмыш
иши козголот да, Бишкек мэри Иса Өмүркуловго карата кызматтык абалынан кыянаттык
менен пайдалануу (305-берене) боюнча кылмыш иши козголот?”- деп суроо салды бүгүн, 4-декабрда
Бишкекте өткөн маалымат жыйынында активист Калича Умуралиева журналисттерге.
Анын айтымында, жерлерди сатууда Бишкек мэри жалгыз катышкан эмес. Бул жерде Бишкек архитектура
департаменти, мамлекеттик курулуш ишканасында иштеген адамдар, Бишкек шаардык
кеңештин депутаттары да катышкан. Эгерде Иса Өмүркуловго карата козголгон
кылмыш ишин 303-беренеге өзгөртпөсө, 305-берене боюнча козголгон кылмыш иши жабылып, мэр жазадан кутулуп кетиши мүмкүн. Себеби мыйзам боюнча 305-берене боюнча кылмыш иши козголгондо, ага 3 жыл мөөнөт берилет.
Эгерде бул аралыкта айыпталуучунун күнөөлөрү такталбаса, айыпталган адам
жазадан кутулуп кетиши мүмкүн. Иса Өмүркуловго карата 303-берене боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлөрү
далилденсе, ага 20 жылга чейин жаза мөөнөтү берилүүсү мүмкүн.
Калича Умуралиева "Иса Өмүркуловдун бир эле Бишкек шаарынын мэрлик кызматындагы ишмердүүлүгүн
текшербестен, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында жүргүзгөн
ишмердүүлүгүн да текшерүүгө алуу зарыл",- деп кошумчалады.