“Супер-Инфонун” каарманына Орусиядагы мекендештер кол сунду

Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №1001 санында “Эки кызын жалгыз баккан ата: “Өкүнгөнүм – 8 жыл күтүп төрөгөн кызын жубайым көрбөй кетти” деген аталышта макала жарык көргөн. Анда каарманыбыз Данияр Сыдыков аялы жүрөк оорусунан каза болуп, эки кызын жалгыз багып жатканын, кыйынчылыктарын айтып берген эле. Гезитке чыккандан кийин каарманыбыздын жашоосунда жакшы өзгөрүүлөр болуптур. Жардам колун сунгандар көбөйүп, президент Садыр Жапаровдун атынан да өкүлдөр барып жардам бергенин билдирди. Данияр мырзанын тагдыры көпчүлүк окурмандарды кайдыгер калтырбаптыр. Дегеним, жакында Санкт-Петербургдагы айымдар коомунун төрайымы Нургүл Орунбаева редакциябызга кайрылып, мекендештер атайын чогулткан акчалай каражатты каарманыбыз Данияр Сыдыковго тапшырып коюубузду суранды. Мекендештердин аманатын жеткиргенче тагдыр ээсинин ал-абалын сурап кайттык.

Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №1026 санынан окуй аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №1026-жаңы санында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан