Парламенттин 4-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин медалын түзүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилердин айтымында, бул медаль азырынча мамлекеттик сыйлык эмес. Депутат Каныбек Иманалиев “Муну мамлекеттик сыйлык кылуу үчүн бюджеттен кошумча каражат керек. Медаль Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына карата түзүлүүдө. Парламентаризмге эмгеги сиңген адамдарды сыйлап коюуну көздөп жатабыз. Кийин бул боюнча атайын жобо иштелип чыгып, төраганын фондунан акча бөлүнөт”,- деди.