Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйыны болгону 1,5 саатка гана созулду. Күн тартибинде карала турган 11 маселенин айрымдары демилгечилердин жоктугунан башка күнгө жылдырылды. Каралган маселелер кызуу талкуу жараткан жок, добуш берүүгө жиберилди. Жыйынтыгында, төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров эртеңки жыйынга чейин танапис жарыялады.