Ош шаарында элдик кошуундар тартипти сактоого жардам беришет. Бул тууралуу КРнын ИИМинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 4-декабрдан баштап Ош шаарында элдик кошуундар өз эрки менен милиция кызматкерлери менен бирге күзөткө чыгышат. Алар коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлерине жардам беришет.