Бүгүн, 8-августтан баштап Бишкек жана Ош шаарларында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин мугалимдеринин тренерлерин даярдоо башталды.Маалымат үчүн: 2022–2023-окуу жылынан баштап жалпы билим берүү уюмдарда "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилет. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кыргыз жергесинде 1-сентябрдан баштап 9-класстын окуучуларына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы өтүлө баштайт. Окуучуларга диндердин өнүгүү тарыхы сабагын теологдор жана тарых сабагынан берген мугалимдер бере алышат. Аларга коюлган шарттарды шилтемеден окуй аласыз.