Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев өкмөттүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын айрым укуктарын райондук бийликке берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы. Депутаттын айтымында, жергиликтүү бийликке салыктарды теңме-тең пайдалануу укугу Салык кодексине атайын жобо менен киргизилип берилген менен өкмөт аны пайдалануу механизмин өз токтому менен аныктап бере элек.
Андан тышкары, айыл өкмөттөрү айыл чарба фондундагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу ыкмасын жаңы гана өздөштүрүп, андан түшкөн каражатты айылдарды жакшыртууга жумшай баштаганда бул укукту райондук бийликке берип, каражатты башкаруу боюнча дагы бир тепкичти түзүүнүн эч кандай зарылдыгы жок. “Жергиликтүү бийликтин өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып тапкан каражатын башкаруу укугу райондук бийликке бериле турган болсо айылдыктардын материалдык, моралдык кызыкчылыгы жок болот. Ошондуктан Өкмөттүн бул аракети жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын өнүктүрүү саясатына карама-каршы келет”,- деди Дыйканбаев.