Балыкчы шаарынын мэри М.Бообековго карата козголгон кылмыш иши Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан сотко жөнөтүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаар мэрине 304-(Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-(Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу), 307-(Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда кылмыш иши Балыкчы шаардык сотунун кароосунда.