Бишкекте бокс сүйүүчүлөр арасында шаар чемпиондугу аяктады
Бишкекте кыргыз боксунун 85 жылдыгына арналган шаар чемпиондугу болуп өттү. Мелдешке Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген 112 мушкер 49, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91 килограмм салмак категорияларында күч сынашты. Мелдеш соңунда жеңүүчүлөр КРнын Бокс федерациясы жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.