2-декабрь күнү Ошто болгон митинг учурунда жабыркаган милиция кызматкерлеринин ар бирине 25 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10 милиция кызматкери 2-декабрда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары облустук администрацияны басып алууга болгон аракетинде жабыркашкан.
Учурда Ош шаарында милиция кызматкерлери жана элдик кошуундар коомдук тартипти сактоо үчүн күзөттө турушат.