Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5-декабрда Улуу улуттук жыйынынын депутаты, түрк парламентинин экс-спикери Көксал Топтан баштаган Түркиянын депутаттар делегациясы менен жолугушту.
А.Жээнбеков Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык мамилелердин ырааттуу өнүгүп бара жатканын билдирди. “Дипломатиялык мамиле түзүлгөн учурдан тартып азыркы учурга чейин Кыргызстан боордош түрк элинин камкордук жардамын сезип келет. Кыргызстандын Түркиянын Экспорттук-насыя банкына 51 млн доллар көлөмүндөгү мамлекеттик карызынын кечилиши, 100 млн доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыянын берилиши эки тараптуу мамилелердин айкын мисалы”, - дейт төрага.
Түрк делегациясынын башчысы Көксал Топтан өз кезегинде Түркиянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерин жогору баалаарын билдирди. “Биз Кыргызстанда парламенттик демократия ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын көрүп жатабыз, мындан ары да жана парламенттер аралык байланыштын алкагында кызматташтык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз”,- деди ал.
Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар жалпы тарыхый, маданий жана тилдик мурастарды сактоого багытталган демилгелерди алга жылдырууга жана ишке ашырууга бардык аракеттерди жасоо ниетин билдиришти. Белгилей кетсек, Түркиянын парламенттик делегациясы бүгүн, 6-декабрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат.