Түркиянын Бурса шаарында “Манас жумалыгы” өттү. Анда 124 саат тынбай “Манас” айтканы үчүн Рысбай Исаков “Гиннесстин рекорддор китебине” тынбай үн чыгарып окуу багытында рекорд койду. Бирок кыргыз коомчулугу бул ийгиликти эмес, манасчынын жаңылыштыгын кызуу талкуулап жатат. Тагыраагы, Рысбай мырза “Манас” айтып жатып темадан чыгып кеткени, “Манаста” жок саптарды кошуп айтканы тартылган тасманын үзүндүлөрү интернет желесине тарады. Көпчүлүк бул окуяны “Манасты” шылдыңдоо деп кабыл алышты, “манасчынын бир жаңылыштыгы үчүн ур-тепкиге алуу туура эмес” дегендер дагы арбын.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 30-сентябрда чыккан жаңы №1034 санынан окуй аласыз.