Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова “пара менен кармалган инспекторду иштен алсак, ыйлады” дейт

КСДП фракциясынын 6-декабрдагы жыйынында КРнын Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова “аттестациянын жыйынтыгы менен бизде 9 кызматкер иштен бошотулду” деп билдирди. Мекемеде кадрдык саясат жакшы нукта жүрүп жатканын кошумчалады ал. “Аттестациянын жыйынтыгы менен жакында көп кызматкерлер иштен кетишти. Анын ичинде пара менен кармалган инспектор дагы бар. Ал уулу каза болуп калганын, дагы 4 баласы бар экенин айтып ыйлаганга чейин барды. Биз ага башка иш тапканча иштеп турууга 1 айдай мөөнөт бердик. Паракорчулукка жол бербөө үчүн жаңы механизмдер керек”,- деди Ибраимова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан