Түркиянын Бурса шаарында 21-28-сентябрь күндөрү "Манас" жумалыгы өттү. Бул иш-чаранын алкагында манасчы Рысбай Исаков 5 күн, 5 түн бою манас айтты. Жалпысынан 124 саат айтып, тынбай үн чыгарып окуу багытында “Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине” катталды. Манасчынын манас айтып жаткан учурунда тартылып алынган кыска видеолор, көпчүлүккө тааныш “тырышсаң да кетесиң” деген сыяктуу саптар социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жаратты. “Сынга кабылганымды сертификат ала турган күнү билдим” деген манасчы ошол сындарга жооп берди.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №1035 санынан окуй аласыз.