Кыргызстанда 6 баланын ичинен бири гана бала бакчага барат

Кыргызстандагы 6 баланын бири гана бала бакчага барат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда “Ар намыс” фракциясынын парламенттик жыйынында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонддун координатору Гүлнара Курманова билдирди. 

Анын айтымында, 80 пайыздан ашуун бала мектепке чейинки билим берүүчү жайларга барышпайт. “Бул жаш куракта баланын өсүүсү калыптана баштайт. Бала бакчага барбаган баланын мектепке көнүшүүсү да кыйын болот. Орто Азиядагы мамлекеттердин арасында бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү боюнча Кыргызстан арттан санаганда 2-орунда турат. Ал эми акыркы орунду Тажикстан ээлеген”,- деди Курманова. 

Мындан сырткары жеке менчик бала бакчаларга 8000 сом жана мамлекеттик мекемелерге 3000 сом төлөнөрүн кошумчалады.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан