Биз социалдык тармакта

Жапайы жаратылыштын эң мыкты сүрөтү наамына татыган сүрөттөрдүн топтому

Лондондун Табигый тарых музейи жыл сайын берилүүчү "Жапайы жаратылыштын эң мыкты сүрөтчүсү" сыйлыгына татыган сүрөтчүлөрдүн эмгегин жарыялады.

1. "2022-жылдын мыкты сүрөтчүсү" наамына татыган сүрөт: Кактус аарыларынын тобу ысык кумдун үстүндө айланат. Түштүк Техас, АКШ.

2. "Портфолио" категориясы боюнча жеңишти камсыздаган сүрөтчүнүн эмгеги: Омурткасыздардын мунаралары Антарктикадагы муздун астындагы деңиз түбүн кооздоп турат.

3. "Фотожурналистика" номинациясынын жеңүүчүсү: Өлүм алдында жаткан тоо горилласы Конго Демократиялык Республикасындагы Вирунга улуттук паркындагы камкорчунун колунда.

4. "Суу астындагы дүйнө" номинациясынын жеңүүчүсү: Кинко булуңундагы репродуктивдүү деңиз жылдыздары, Япония.

5. "Жүрүм-турум" категориясында жеңүүчү: Амфибиялар жана сойлоп жүрүүчүлөр. Юкатан келемиш жыланы жарганатты кармап алды, Мексика.

6. "Жаратылыш искусствосу" номинациясынын жеңүүчүсү: Чилилик фламинго. Анд тоолорундагы Уюни туздуу сазы.

7. "Океандар" номинациясынын жеңүүчүсү: Жаңы Зеландиядагы түштүк кити.

8. "Канаттуулар" категориясы: Колумбиядагы Татами улуттук паркы.

9. "Өсүмдүктөр жана козу карындар" номинациясынын жеңүүчүсү. Пиерия, Греция.

10. "Фотожурналистика: Тарых" номинациясы: Чымчык ызы-чууга көнүп, ырдоо сынактарында алаксыбаш үчүн жол боюнда капаста илинип турат.

11. "Шаардык жапайы жаратылыш" номинациясынын жеңүүчүсү: Чукотка деңизиндеги Колючин аралындагы кароосуз калган метеорологиялык станциядагы ак аюулар.

12. "Жаныбарлар табигый чөйрөсүндө" номинациясы: Фотокапканга түшүп калган анд аюусу. Эквадор, Кито.

13. "Жаныбарлардын портрети" номинациясынын жеңүүчүсү. Жупташуу бийи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан