Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги экологияга зыян
келтиргени боюнча “Кумтөр” ЖАКыны 15 миллиард сом төлөтүү доо арызы менен
Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз
кызматы бүгүн, 6-декабрда билдирди.
Маалыматка ылайык, “Кумтөр оперейтинг компани” 16 жылдын
аралыгында (1996-2011) айлана-чөйрөгө зыян алып келгендиги үчүн
камсыздандыруу төлөмүн эсепке алуу менен 15 4 297 963 сом төлөшү керек.
“Кумтөр”
иштеп баштагандан тарта Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан иштеп жаткан
субъекттердин, анын ичинде “Кумтөр оперейтинг компани” ЖАКынын төлөө тартиби
киргизилген.
2012-жылы февраль айында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба
агенттиги аталган компанияга өз эрки менен компенсация төлөп берүүнү айткан.
“Кумтөр”
2009-жылдагы макулдашуунун жаңы шарттарына таянып төлөгөн эмес.
“Айлана-чөйрөгө
зыяндуу калдыктарды бөлүп чыгаруу менен экологияга терс таасир бергендиги үчүн
компенсация төлөнүшү керек” деп билдирет агенттиктин басма сөз кызматы.