2012-жылы мамлекеттик
мекемелер тарабынан 1 миллиард 225 миллион сом сарамжалсыз пайдаланылган. Бул
тууралуу бүгүн, 6-декабрда өткөн “Ата Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында КРнын
Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова билдирди.
Анын айтымында, 2012-жылы
1734 мамлекеттик мекеме менен мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан көп болгон 381
чарбачылык ишкананын каржылык иштери текшерилген. Жалпысынан 196 бюджет түзүү
жана аны аткаруу аудити жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 2012-жылы 3
миллиард 568 миллион сом өлчөмүндөгү каржы тартибин бузуу фактылары катталып,
анын 2 миллиард 925 миллион сому кайра кайтарыла турган болгон.
Элмира Ибраимованын
маалыматына караганда, 2012-жылдын аягында кайтарылган каражаттын суммасы 1
миллиард 122 миллион сомду түзүп, ал кайтарыла турган каражаттын 38,4 пайызын жапкан.
Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 30 пайызга жогору. Учурда калган каражатты
кайтарып алуу чаралары көрүлүүдө.