“Жогорку Кеңеш 3 жылдын ичинде бир топ маанилүү документтерди кабыл алды. Бирок айрым маселелерди саясатташтырып жиберди”,- деди президент Алмазбек Атамбаев 6-декабрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына карата өтүп жаткан иш-чарада. Айтымында, Кыргызстан парламенттик башкаруу багыты боюнча татаал кадамдарды таштап бара жатат. “3 жылдын ичинде Жогорку Кеңеш 3 жолу коалиция түзүп, 3 өкмөттү алмаштырды. Айрым маселелерди саясатташтырып жибергени үчүн коомчулукта сындар айтылууда. Бийлик канчалык көп болсо, жоопкерчилик ошончолук чоң болушу керек. Куру кыйкырык, популизм жакшылык алып келбейт. Кыргыз эли Жогорку Кеңештин натыйжалуу иштешине толук шарт түзүп берди. Эл парламенттен ишинин жыйынтыгын талап кылат. Жогорку Кеңешке айтарым, кандайдыр бир туура эмес чечимдерди кабыл алуу менен өлкөбүздүн келечеги башка нукка бурулуп кетпесин”,- деди Алмазбек Атамбаев.