Атактуу хирург, Кыргыз Республикасынын баатыры Мамбет Мамакеев 69 жылдан бери ооруканада иштейт. Бул арада 30 миңден ашык операция жасаган. 2020-жылы Гиннесстин рекорддор китебине эң узак убакыт иштеген хирург катары (67 жыл 181 күн) кирген. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Ушундай инсан учурда 95 жашта, хирургдун өмүрүнө жана эмгек жолуна кылчайып көрүүнү туура таптык.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” 4-ноябрда чыккан жаңы №1039 санынан окуй аласыз.