Жаш спортчу Канат Келдибеков эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеште 3 жолу катары менен жеңүүчү аталганын анын машыктыруучусу Улан Токтосун уулу билдирди. Машыктыруучу мындай дейт: "Алгач Кочкор районунда өткөн эрежесиз мушташ боюнча мелдеште Канат 1-орунду ээлеп, Евразия чемпиондугуна жолдомо утуп алган. 29-30-ноябрда болгон профессионалдар арасындагы Евразия чемпиондугунда 60 килограммдык салмакта таймашып, 1-орунду жеңип алды. 300 АКШ долларына сертификатка да ээ болду. 4-5-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн эл аралык профессионалдар арасындагы мелдеште да 1-орунду алды". Машыктыруучу бул мелдешке Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышканын кошумчалады.