Сапардын алкагында Мирзийоев жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышат.
Мындан сырткары француз парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары менен жолугуп, өлкөнүн алдынкы компаниялары менен банктарынын жетекчилери катышкан ишкерлик иш-чараларда жолугушууларды өткөрөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ондон ашык эки тараптуу маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев расмий сапары менен Францияга барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматынан кабарлашты.