Орусияда каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине бекер жеткириле баштайт
КРнын Орусиядагы элчилиги “Кыргызстан Авиакомпаниясынын” Орусиянын аймагында каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн (жүк 200) өз өлкөсүнө бекер жеткирүү тууралуу чечимин колдойт. Мындан ары 2012-жылдын 10-декабрынан баштап "Кыргызстан Авиакомпаниясы" тарабынан жүргүзүлгөн бардык учактарда каза болгон жарандын сөөгү Орусиядан Кыргызстанга бекер жеткириле баштайт. Ал эми аэропорттогу жана жеткирилгенден кийинки чыгымдарды жөнөтүүчү тарап өзү төлөйт. Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2012-жылдын 9 айында Орусиядагы мигранттардын эсебинен Кыргызстанга 1,4 миллиард доллар акча которулган.