Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, суук болуп жаткан кези. Мындай аба ырайы гипотермия жана үшүк алуу ыктымалдыгын жогорулатат. Буга байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору гипотермиядан жана үшүктөн сактануу үчүн жөнөкөй эрежелерди сунуштайт.
Гипотермия – дене температурасынын 35°C же андан төмөндөшү. Үшүк – абанын төмөнкү температурасынын (-10°С… -200С төмөн) таасиринен дененин кайсы бир бөлүгүнүн бузулушу.
Гипотермия балдар, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Анткени балдарда дененин терморегуляциясы толук калыптана элек, ал эми улгайган адамдарда жана кээ бир ооруларда бул функция көбүнчө бузулат.
Мындан тышкары, гипотермия организмдин коргоочу касиеттерин төмөндөтөт жана курч респиратордук оорулардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Гипотермиядан жана үшүктөн сактануу үчүн эрежелер:
* Биринчиден, сыртка чыгаардан мурун туура кийинүү керек;
* Ызгаардуу суукта ачка, чарчап сыртка чыкпоо;
* Эшикке чыгаардын алдында жакшы тамактануу маанилүү. Ысык тамак же ысык чай, эң жакшысы лимон, бал кошуп, үйдөн чыгаарда жарым саат мурун ичүү керек;
* Алкоголдук спирт ичимдиктерин ичпөө;
* Суукта тамеки тартпаганга аракет кылуу абзел. Анткени тамеки чегүү учурунда тамырлардын спазмы пайда болот, буттарга кан агымы азаят;
* Сыртта жүргөндө убакытты чектөөгө аракет кылуу зарыл. Үшүп баратканын сезген учурда мүмкүн болушунча тезирээк каалаган жылуу бөлмөгө же дүкөнгө, кафеге, дарыканага ж.б.у.с жайларга кирүү.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө аймагында 12-13-январда абанын температурасы кескин төмөндөшү маалымдалган.