2023-жыл маданият, шоу-бизнес тармагы үчүн резонанстуу жаңылык менен башталды. Бул – фонограмма менен ырдоого тыюу салынсын деген буйрук. Мындай буйрукка 2022-жылдын аягында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койду. “Министрликке караштуу бардык мекемелерде (театр, филармония, концерттик зал, кинозал, клуб жана башка) концерттерде, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын” деп жазылат буйрукта. Ырчылар арасында бул демилгени колдогондор да, каршылар да бар. Алардын аргументтерине көз жүгүртүп көрөлү.
Макаланы толугу менен «Супер-Инфонун» 13-январда чыккан жаңы - №1049 санынан окуй аласыз.