Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 23 метрди түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан маалымдашты. Балатынын расмий ачылышы 14-декабрь күнү кечки саат 19:00дө Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун жана Аяз ата менен Аяз кыздын катышуусунда өтөт. Кошумчалай кетсек, борбордо Жаңы жылга карата 28-31-декабрь күндөрү жарманке өтөт. Шаар тургундары Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде аталган күндөрдүн аралыгында Жаңы жылга карата жасалга, фейерверктерди арзан баада сатып ала алышат. Ал эми 24-декабрдан баштап Шабдан Баатыр-Ахунбаев көчөлөрүндө балаты базары иштей баштайт.