Алтынбек Сулайманов Ноокатта кыргыз тили боюнча олимпиада өткөрдү

Оштун Ноокат районунда мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата кыргыз тили жана адабияты боюнча райондук олимпиада өттү. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун демилгеси жана колдоосу менен өткөн сынакка 130 мектеп окуучусу катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын, тарыхын, этнографиясын жана башка баалуулуктарын сыйлай билген таланттуу улан-кыздарды табуу, алардын мугалимдерин шыктандыруу жана материалдык-моралдык жактан колдоо, Н.Исановдун ишмердүүлүгүн жаштар арасында даңазалоо.  

Олимпиада дил баян жазуу жана аткаруучулук өнөр номинациялары боюнча 3 этап менен өткөрүлдү. 7-декабрда жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды депутат А.Сулайманов тапшырып, 1-2-3-орундарды алгандар 8 ноутбук, 8 нетбук, 8 уюлдук телефон менен сыйланышты. Ийгиликке жетишкен мектептерге 8 компьютер жана 71 миң сомдук китептер тапшырылды. Иш-чара Ноокаттагы Маданият үйүндө окуучулар жана өнөрпоздор даярдаган концерт менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан