Талас. Кышка даярдык көрүү боюнча 4 штаб түзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат

Таласта атайын жарлыкка ылайык, 2012-2013-жылдагы күз, кыш мезгилдерин ийгиликтүү өткөрүү боюнча атайын 4 штаб түзүлүп, белгиленген тапшырмалардын негизинде тийиштүү иш-чаралар өтүп жатат. 2012-жылдын декабрь айына карата облустун саламаттыкты сактоо тармагына 2012-2013-жылдагы күз-кыш мезгилине 521,4 тонна көмүр керектелсе, азыркы күндө ал 99,4% камылгадан өттү. Билим берүү тармагына жогорудагы тапшырмага ылайык 2252 тонна көмүр толугу менен тапшырылган. Шаардын көп кабаттуу үйлөрүн, медициналык окуу-жайларын жана башка объектилерди жылытуу үчүн “Теплокоммунэнерго” башкармалыгына 1600 тонна көмүр жана 1500 тонна мазут керектелсе, бүгүнкү күндө 956 тонна мазут 550 тонна көмүр ташылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан