Жантөрө Сатыбалдиев өлкөдө бардык мамлекеттик ишканалар банкрот дегенге кошулбайт

Кыргызстанда бардык мамлекеттик ишканалар банкрот болду деген туура эмес. Муну бүгүн, 9-декабрда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. “Мисалы, Майлы-Суудагы лампа заводу ийгиликтүү иштеп жатат. Айдаркен сымап комбинаты жакшы иштөөдө”,- деп мисал келтирди премьер. 

Эскерте кетсек, буга чейин айрым депутаттар миллиондогон карызы бар “Кыргызкөмүр”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызгаз” ишканаларын банкрот деп аташып, мамлекеттик ишканалардын дээрлик баары банкрот абалына кептелгенин айтышкан болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан