Түркиядагы жер титирөө: Бийлик убактылуу өлүкканаларды даярдады

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүп жаткандыгына байланыштуу түрк бийлиги убактылуу өлүкканаларды даярдады. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, каза болгон адамдардын жалпы саны 28 миң 191ге жетти. Анын ичинен Түркияда 24 миң 617, Сирияда 3574.

Ошол эле учурда жер титирөөдөн эң көп жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш провинциясына 11-февралда келген БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Мартин Гриффитс каза болгондордун саны эки эсе же андан дагы көп болушу мүмкүн экендигин билдирди. Гриффитстин айтымында, азыркы учурда баа берүү кыйын, анткени урандылардын бардыгын иргеп чыгуу керек.

Убакыттын өтүшү менен урандылардын астынан тирүү адамдарды табуу мүмкүнчүлүгү азайып баратат. Мындан улам түрк бийлиги унаа токтотуучу жайларга, стадиондорго жана спорт залдарга убактылуу өлүкканаларды даярдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан