Парламентте кыргызстандыктардын араб өлкөлөрүндө билим алуусун көзөмөлдөө сунушу көтөрүлдү
Депутат Каныбек Осмоналиев Араб өлкөлөрүнөн диний билим алууну каалаган студенттерге чектөө коюш керектигин айтып чыкты. Анын айтымында, учурда Каир шаарындагы
(Египет)
Ислам университетинде жүздөгөн кыргызстандык студенттер билим алып жатышат. Алардын көпчүлүгү атайын квота аркылуу эмес, туристтик виза аркылуу баргандар. "Бул процессти жөнгө салган норма киргизиш керек. Коңшу өлкөлөр мурда эле мындай нормаларды киргизген",- дейт эл өкүлү. Осмоналиев ал жакта окуп жаткан студенттердин кандай билим алып жатканына мамлекет көзөмөл кылыш керек деп эсептейт.