Польшага конгон Жо Байдендин учагынан бир адам кулап түштү (видео)

АКШ президенти Жо Байдендин делегациясынын мүчөсү мамлекет башчысынын борту Варшавага конгондон кийин учактан кулап түштү. Жыгылган учур Польшанын TVN телеканалы аркылуу көрсөтүлдү.

Видеодо көрүнгөндөй, жыгылган адам тепкичтен дээрлик ортолоп калган. Ал жыгылганда жанында турган адамдар ага жардамга шашышат. Жыгылган адамдын аты-жөнү жана ден соолугуна келтирилген зыян тууралуу эч нерсе белгисиз.

Айрым басылмалар жыгылган адам АКШ президентинин администрациясынын жогорку даражалуу кызматкери экенин жазышууда.

Украинага жана Польшага сапарында Жо Байдендин делегациясында 17 адам бар.

Польшага конгон Жо Байдендин учагынан бир адам кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан