УКМК: "Эльдар Мадылбековго кошумча айып тагылат"

"Депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбековго кошумча айып тагылат" деп билдирди Башкы прокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси Рустам Абдырасулов. Мындай билдирүүнү ал бүгүн ЖКнын мыйзамдуулук, укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. "Жогорку Сот анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин чыгарды. Бирок анын ден соолугу боюнча экспертизанын чечими жок. Гепатит менен ооруйт деген гана аныктама бар. Тергөө маалында жаңы фактылар ачыкталды",- дейт Абдырасулов. Эске салсак, 15-ноябрда Жогорку Сот Эльдар Мадылбековду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Ал алдамчылык фактысы боюнча айыпталууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан